Тажикстанда учак кырсыгында бир киши каза тапты

Автор -

Тажикстанда АН-2 учагы кырсыкка учурап, анын бир учкучу каза таап, экинчиси жаракат алды. Окуя 4-августта Фахрабад шаарындагы аэроклубда болгон.

«Азаттыктын» тажик кызматынын маалыматына ылайык, учак конууга камынып, жерден 10 метрдей бийиктикте келе жаткан кезде күтүүсүздөн эле кыймылдаткычы иштебей калган жана күүсү менен жерге кулап түшкөн.

Учактын пилоттору, 62 жаштагы Илхом Рахматов менен 20 жаштагы Бахтиёр Давлататов ооруканага жеткирилип, дарыгерлер Рахматовдун өмүрүн сактап кала алган жок.

Тажикстандын улуттук “Ховар” агенттигинин жазышынча, самолёт кырсыкка сегиз адамды парашюттан секиртип, аэроклубга кайра конуп жаткан кезде болгон. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети окуяны иликтей баштады.

Чакан жана көп багыттуу АН-2 учагы 1940-жылдары СССРде жасала баштаган. Учурда ал дүйнөдө айыл чарба, спорт багыттарында жана жүргүнчү учак катары колдонулат. Алардын көбүнүн колдонууга берилгенине 40 жылдан ашты.

Тажикстанда кырсыкка кабылган учак 1978-жылы жасалган.

Бөлүшүү