Солтон-Сары кенинде кайрадан чатак чыкты

Автор -

5-август күнү кечке жакын Нарындын Солтон-Сары кенине 500дөй адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясынын кызматкерлеринин чыгып кетишин талап кылышты.

«Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, ортодо пикир келишпестик чыгып, кытай компаниясынын кызматкерлери токмоктолду.

Буга чейин чогулгандар менен сүйлөшүүгө облус башчысы Аманбай Кайыпов барган.

4-августта ал жерде 30дай малчы чогулуп, кытайлык компаниянын өкүлдөрүн айыптап, «күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алсын» деген талап коюшкан.

Чогулгандар менен жолуккан Нарын районунун акиминин орун басары Жаныш Ибраимакунов окуяга укуктук баа берилерин айтты.

Ал эми Солтон-Сарыда кен комбинатын куруп жаткан кытайлык «Жоржи Майнинг» компаниясынын жергиликтүү эл менен иштешүү бөлүмүнүн адиси Малик Камилов териштирүүнүн жыйынтыгы менен компания жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирген.

3-августта Солтон-Сарыда кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыккан. Чатактан Оттук айылынын эки тургуну жабыркап, ушул тапта Нарын облустук ооруканасында жатат. Ал эми кытайлык компаниянын 12 өкүлү Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө сурак берүүдө.

Бөлүшүү