9-августка чейин Кыргызстанда аба ырайы абдан ысык болот, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 36…38°ка чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40;
Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 35…40;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 болот.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 22…24°, күндүз 37…39° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.