Бишкекте автобустарга жана маршруттук таксилерге видеорегистратор орнотулат

Автор -

Бишкекте жаңы автобустарга жана маршруттук таксилердин 80% видеорегистратор орнотулат. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришти.

Бул иш чөнтөк уурулуктун санын азайтуу жана айдоочуларга көзөмөлдү күчөтүү максатында жасалмакчы.

 «Калаа мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгында жүргүнчү ташуучу фирмалардын жетекчилери, УКМК, ИИМ жана ЖКККББ өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдүк. Аларга тартипти чыңдап жана маршруттук такси менен автобустардын айдоочуларына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы айтылды. Тилекке каршы, коомдук транспорттогу чөнтөкчүлөрдүн саны азайбай жатканына байланыштуу, шаар тургундары-жүргунчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу өтө маанилүү. Эми жаңы автобустар менен 80% маршруттук таксилер камера менен жабдылат»
деп айтылат маалыматта.

Мэриянын маалыматына караганда, быйыл 160 миң окуучу жана 105 миң студент окуу жайларга каттайт.

Бөлүшүү