Райымбек Матраимов 3-август күнү Бишкек-Москва каттамы менен Кыргызстандан учуп кетти. Мындай маалымат Фейсбуктагы Инсайдер-KG баракчасында пайда болду.
Буга чейин «Райым-миллион» Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу маалыматты өзүнүн Twitter-аккаунтунда жеке ишкер жана бут кийим дизайнери Мээрим Таабалдиева жарыялаган болчу. Анын айтымында, Матраимов экөө бир учакта учушкан.
[ads-quote-center cite=’деп белгилешти колдонуучулар.’]»Эми «өзүнүн» (бизден уурдалган) акчаларынын баары чыгарылып кеткен соң, «Райым-миллион» өзү из жашырып кетти. Өлкөдөн чыгып кеткенин качкандык катары көрүшпөсүн деп Түркиядан сунушталган кызматты ойлоп табышты. Албетте, Москва — транзиттик өлкө. Уурунун токтой турган жери каяк болду экен? Суроо КР атайын кызматтарына, алар чындап эле Матраимовду камоону каалашкан, бирок «Ак үйдөн» уруксат берилген жок»[/ads-quote-center]