Ушул жылдын 31-июль күнү УКМК тарабынан өткөзүлгөн ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө КР жараны К.А. алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Ал Бишкек шаарындагы “Көлмө” жаңы конушундагы коомдук транспорт маселесинен пайдаланып, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жеке компаниялардын биринин директорунан, алдоо жолу менен алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан ишти бүтүрүп берүү үчүн 7 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдмачылык) боюнча катталды.
Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайын камалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.