Чүй милициясынын башчысына экинчи операция жасалды

Автор -

Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловго экинчи операция жасалды. Бул тууралуу Саламатттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер Курманкуловду томограммадан өткөргөндөн кийин, экинчи операция жасоо чечими кабыл алынган. Ал эсине келе элек.

Самат Курманкулов Кой-Таштагы мурунку өлкө башчысын кармоо операциясы маалында башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилип, кечээ мээсине операция жасалган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кой-Таштагы окуяларда жараат алып, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жетти. Кечээки окуяларда күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапкан эле.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү