Кой-Ташта жаракат алган Курманкуловдун дарылануусуна 1,29 млн. сом бөлүнөт

Автор -
«Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна байланыштуу чыгымдарды төлөөгө 1 миллион 298 миң 520 сом бөлүп берүү тапшырмасы берилди. Буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду»
деп жазды "akchabar.kg" агенттиги.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт башчынын резервдик фондунан Чүй ОИИББнын башчысынын дарылануусуна деп Саламаттык сактоо министрлигине 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнүп берилген.

Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашты.

Бөлүшүү