Кечээ, 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө аны кармоо операциясы жүрдү. Анын жүрүшүндө атайын багыттагы кызматтын бир кызматкери каза болгон.
[ads-quote-center cite=’деп жазды бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.’]«Каза болгон спецназ — Үсөн Ниязбеков. Мындай «операция» үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев отставкага кетиши керек»[/ads-quote-center]Белгилүү болгондой, 7-августта саат 22:50 чамасында Бишкектеги ортопедия жана илим изилдөө борборуна спецназ келип түшкөн. Анын көкүрөк тушуна ок тийген. 8-августка караган түнү саат 00:40та анын каза болгону маалым болгон.
Погиб Усен Ниязбеков — заместитель командира спецподразделения "Альфа". За такую "спец.операцию" Председатель ГКНБ Опумбаев должен уйти в отставку.
— Дастан Бекешев / Dastan Bekeshev (@bekeshev) August 8, 2019































