Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе, жоопко тартылат

Автор -

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Өмүрбек Бабановго карата козголгон эки кылмыш ишин иликтенүүдө. Алар Ош шаарындагы «Амир-Тимур» кичи районунда провокациялык маанидеги сүйлөгөн фактысы боюнча, экинчиси бийликти күч менен басып алуу жана массалык баш аламандыкты даярдоо боюнча козголуп, учурда токтотулган кылмыш иши.

«Азыркы тапта биринчи кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып жатат. Эгерде Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартылат»
деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн «Республика» партиясы Өмүрбек Бабанов өлкөдөгү акыркы кырдаалдарга байланыштуу Кыргызстанга келүү чечимин кабыл алганын билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү