Нариман Түлеев менен Бабанов — бир учакта Кыргызстанга келе жатышат

Автор -

Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев жана Кыргыз Республикасынын президенттигине мурун талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов Бишкекти көздөй бет алышты. Эки саясатчы Москвадан бир учакка отурушуп, учуп келе жатканын 24.кг агенттигине Түлеев маалымдаган.

«Бул күтүүсүз жолугушуу болду. Учактын ичине кирип, Өмүрбекти жолуктурдум», — дейт Бишкек шаарынын мурунку башчысы.

Белгилей кетсек, УКМК Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын билдирген.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе, жоопко тартылат

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү