Жээнбеков Дмитрий Медведев менен жолугушту — эмнелер талкууланды?

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар жылуу маанайда эсте калганын белгиледи.

«Мен ар дайым Сиздин колдооңузду сезчүмүн. Кыргызстанда Сизди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өнүгүүгө кыйла салым кошкон чыныгы дос катары билишет. Биз Сизди Кыргызстанга дайым өзгөчө мамиле кылган жакын дос деп эсептейбиз»
деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Владимир Путиндин үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити ийгиликтүү өтүп, кыргыз-россиялык кызматташуу активдүү динамика жана конкреттүү мазмунга ээ болгонун белгиледи.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргызстанга, анын бермети болгон Ысык-Көлгө дагы бир жолу келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна кубанычта экенин белгиледи.

«Мурда дагы келгем, бирок келген сайын бул жердин кооздугуна суктанам. Бул жакта биздин эки тараптуу мамилелерди талкуулоого, ошол эде маалда Евразиялык биримдикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусун өткөрүүгө шарттары жакшы. Биздин мамилелер чындап эле абдан жакшы, биз ар кандай маселелер боюнча кеңешип турабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша биздин дос жана өнөктөш Кыргызстанга жардам, колдоо көрсөтүүгө аракеттенебиз. Мындан ары дагы ушундай болот, эч күмөн санабагыла»
деп ишендирди Дмитрий Медведев.

Ал Россиянын Президенти Владимир Путиндин саламын жолдоп, Кыргызстанга келер алдында эки мамлекеттин ортосундагы мамилелери боюнча маселелерди талкуулашканын кошумчалады.

«Бүгүнкү жолугушуу дагы өлкөлөрүбүздүн ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп ишенем. Ар дайым эки тараптуу дагы, көп тараптуу дагы форматтарда талкуулай турчу маселелер көп. Ысык-Көлдүн эң сонун маанайы да буга жардам берет деп ишенем»
деп белгиледи Дмитрий Медведев.

Сооронбай Жээнбеков жана Дмитрий Медведев соода-экономикалык кызматташуунун келечегин, Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагындагы жетишилген макулдашуулардын ишке ашыруусунун жүрүшүн жана ошондой эле 2020-жылды Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын, ал эми Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын кайчылаш жылы деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү