Кыргыз-өзбек чек арасындагы жабык бекеттерди кайра ачуу сунушталды

Автор -
301

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы айрым өткөрмө бекеттерди кайра жандантууну сунуш кылды. Бул тууралуу мекеменин 2019-2020-жылдарга карата өнүгүү стратегиясында жарыяланды.

Документте коңшулардын ортосунда соода-экономикалык карым-катыш жана товар ташуу күчөгөнү үчүн кошумча жол керек болуп жатканы белгиленет. Анда товарларды өткөрүүнү ыкчамдатыш үчүн ошондой эле бажы процесстерин санариптештирүү жана автоматташтыруу сунушталган.

Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаеванын «Азаттыкка» айтканы боюнча, кыргыз-өзбек чек арасындагы расмий 15 өткөрмө бекеттин сегизи иштеп жатат.

«Калган өткөрмө бекеттер Өзбекстандын бир тараптуу чечими менен иштебей калган. Аларды кайра жандантууну эки өлкөнүн өкмөттөрү чечиш керек. Эгер эки тарап келишсе алар кайра иштей баштайт»
деди ал.

Азыр бул маселе Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн күн тартибинде бар-жок экенин расмий органдар тактаган жок. Эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин көбү 2005-жылы Кыргызстанда болуп өткөн саясий окуялардан улам жабылган. 2016-жылы расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери жакындагандан тарты бекеттер кайра ачыла баштаган.

Бөлүшүү