Ош облусунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-август күнү саат 23:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой, Кыргызстан, Жийде, Кайрат, Ак-Терек айылдарында 6 балл, Салам-Алик, Ор-Казган, Ара-Көл, Эркин-Тоо, Красный-Маяк, Жылалды, Мырзаке айылдарында жана Өзгөн шаарында 5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Сузак, Калмак-Кырчын айылдарында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Масы, Казарман айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү