УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө кирип кетти

Автор -

Бүгүн, 13-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берүүгө кирип кетти.

Сегизбаев 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда жаракат алганы маалымдалган. Ал эми УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев маалымат жыйынында Сегизбаевдин эч кандай жаракат албаганын жана ал качып бара жатканда жыгылып түшкөнүн билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү