ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

Автор -

Бүгүн министр Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун Мундуз айылындагы КР ӨКМнин Жалал-Абаддагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү механизациялашкан базасынын аймагында КР ӨКМ кызматкерлери үчүн  24 батирлүү  турак үй курулуп бүткөрүлүп, салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Аталган турак үй көз карандысыз жылытуу (котельный) жана паркинги менен курулуп, 0,6 Га аянтты ээлейт.

Турак үйдүн жалпы аянты – 2162,24 м2;

Батирлердин жалпы аянты – 1574,08 м2;

Батирлердин саны – 24 , анын ичинен:

-1 – бөлмөлүүлөрдүн жалпы аянты – 40,09 кв.м – 8 даана.

-2 — бөлмөлүүлөрдүн жалпы аянты – 67,38 кв.м – 8 даана.

-3 — бөлмөлүүлөрдүн жалпы аянты – 89,29 кв.м – 8 даана.

Көп кабаттуу үйдүн курулушу 2017-жылдын октябрь айында башталып, азыркы учурда турак үйдүн долбоордо көрсөтүлгөн курулуш жумуштары толугу менен  бүткөрүлдү.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү