Курсан Асановдун адвокаты Жунушалиевди кызматтан четтетүнү талап кылууда

Автор -
366

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов министр Кашкар Жунушалиевди тергөө бүткүчө кызматтан четтетип турууну талап кылганын «Азаттык» жазып чыкты. Мындай өтүнүч менен ал президент Сооронбай Жээнбековго жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

Жактоочу Курсан Асановго айып коюуда министрдин жеке кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн билдирип, ал тергөөнүн жүрүшүнө таасир этет деп эсептейт.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

14-августта Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен иш ачылып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки өндүрүштү Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.