Жеңиш Разаков Баткендин чек арага жакын айылдарынын жашоочулары менен жолугушту

Автор -

Жеңиш Разаков Баткен облусуна жумуш сапары учурунда Аксай, Самаркандек, Актатыр айыл округдарынын жашоочулары менен Көк-Таш айылында жолугушту.

Жолугушууга 150дөй адам келип катышты.

Тургундар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо, социалдык объекттерди, инфратүзүмдүк объекттерди куруу, ичүүчү жана сугат суу менен камсыздоо, жерлерди трансформациялоо маселелерин көтөрүштү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

«Өкмөт чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү маселесин артыкчылыктуу деп эсептейт. Биз үчүн эң башкысы – коопсуздукту, коомдук тартипти камсыздоо жана социалдык жана инфратүзүмдүк маселелерди чечүү болуп саналат. Мен ошондой эле биримдикке, достукка, тилектештикке чакырам, айрыкча кыйын кырдаалдар түзүлгөн мезгилде бардык маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен, конструктивдик нукта чечилиши керек»
деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын өзгөчө макамга ээ, чек арага жакын айрым аймактарында коопсуздукту камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик программаларынын экинчи баскычын ишке ашыруунун 2018-2020-жылдарга карата иш-чаралары өзүнө жалпы суммасы 296 млн 250 миң сомдук 33 иш-чараны камтыйт.

Бөлүшүү