ИИМ журналист Мирбек Айтикеев тууралуу билдирүү таратты

Автор -

Ички иштер министрлиги билдирет, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган жок жана суракка дагы чакырылган эмес.

Ал эми Атамбаевдин тарапташтары, Мирбек Айтикеевди таппай жатышкандыгын билдиришүүдө.

«Атамбаевдин тарапташтарынын билдирүүсү боюнча КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды делген маалымат тараган, бирок аталган маалымат далилденген эмес»
деп айтылат маалыматта.

7-8-августундагы Кой-Ташта жана Бишкекте болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин алкагында Мирбек Айтикеев күбө катары өтүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү