«Коопсуз шаар»: Айып пулдун көлөмү 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү пландалууда

Автор -
287

Кыргыз Өкмөтү Ички иштер министрлигинин  жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча  айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр  Кыргыз Республикасынын жарандарынын көптөгөн кайрылууларынын  негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.

 «Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумуш топ келип түшкөн сунуштардын негизинде  эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду»
деди Жеңиш Разаков.

Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда: Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы; жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип, ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо); унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу; коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу; светофордон уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн   Жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү; ашып өтүү боюнча эрежени бузуу; сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө жүргүзүлгөн сот-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды иштеп чыгуу  боюнча 4 маселе каралды. Анда мамлекеттик бийлик органдары системасындагы укук коргоо органдарынын орду жана ролу, белгиленген укуктук негиздер, принциптер, коюлган тапшырмалар жана аткарууну уюштуруу иштери башкы максат болгон «Кыргыз Республикасынын  укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы негизи маселе болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, келечекте укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү бирдиктүү мыйзам менен гана жөнгө салынат.

Маалымат үчүн:

Мекемелер аралык жумуш топ Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 25-февралдагы буйругунун негизинде түзүлгөн. Мекемелер аралык жумуш топтун негизги максаты жаңы кодекстер жана мыйзамдардын жетишпеген жактары менен карама-каршы келген кырдаалдарын анализдөө болуп эсептелет. Жумуш топтун ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча эки эксперттик топ түзүлгөн. Жумуш топтун курамына бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү, жарандык коомдун эксперттери кирет. Эксперттик топтор 20 отурум өткөрдү, анда 120дан ашык мыйзам чыгаруу демилгелери каралган. Өз кезегинде мекемелер аралык жумуш топ 5 отурум өткөрүп, анда мыйзам чыгаруу боюнча 26 сунушту карады.

Бөлүшүү