19-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
20-21-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-августта кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Ал эми 22-23-август күндөрү тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.