Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 05:37де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 балл, Баетово, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү