Кыргызстанда 23-августка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

19-августта күндүз  Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

20-21-август күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-августта кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Ал эми 22-23-август күндөрү тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, өрөөндөрдө жаан чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү