Өмүрбек Бабанов экинчи ирет суракка чакырылды

Автор -

УКМКнын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан, 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районундагы сүйлөгөн сөзү боюнча президенттикке талапкерге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында Өмүрбек Бабанов суракка чакырылды.

Өмүрбек Бабанов кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүүдө.

Белгилей кетсек, 19-августта “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финполиция) беш сааттай сурак берип чыккан.

Ал «Кыргызстан» коммерциялык банкы тууралуу сурак бергенин айтып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн башка жагдайларды ачыктай албасын билдирди. Бабанов суракта тергөөчүлөрдүн сылык-сыпаа мамилесин белгиледи.

Быйыл апрелде “Кыргызстан” коммерциялык банкына байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат 11-апрелде аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, Бабановдун жакын тууганы Жаныбек Мырзабаевди бир канча саат суракка алган. Бабановдун тарапкерлери бул жагдайды “каралоо”, алардын «лидерин өлкөгө келтирбөө» аракети катары баалашкан.

Азырынча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат Өмүрбек Бабанов кайсы берене боюнча сурак берип жатканын тактай элек.

Өмүрбек Бабанов Финполго суракка кирип кетти

Бөлүшүү