Сейит Атамбаев: «Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер» дейт

Автор -
614

7-8-август кγндѳрγ Кой-Таштагы болгон окуяларга байланыштуу тергѳѳ иштеринен улам мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит кайрылуу жасады.

«Кыргыздарда «Бир күн туз таткан жериңе миң күн салам бер» деген жакшы бир макал бар. Атамбаев кимдер менен гана наны менен, ички дүйнөсү менен бөлүшкөн жок. Кимге гана жардам берген эмес, санасак санынан да тайып кетебиз. Мисалы, ошол эле Иса Өмүркулов, Сагынбек Абдрахманов, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков. Азыр баары тең жыргап өчүн алып жатышат, эмнеден, көрө албастыктанбы?! Билбейм! «Боор ооруса, боорго тебет» деген ушул турбайбы!

Атамбаевди талкаласаңар да, талкалабасаңар да, Кыргызстандагы проблемалардын саны азайбайт! Атамбаевди мыйзамсыз түрдө, кара пиар менен колдоп жаткан элден сууруп, тартып алдыңар. Бийликтеги аткаминерлер, Атамбаевди көрө албаган депутаттар эки жылдан бери «Атамбаев, Атамбаев» деп жүрдү.

Эми ушул бийликтен күн сайын «Жол качан оңдолот?», «Свет качан өчпөйт?», «Токтогулдагы суу качан азайбайт?», «Инвестиция качан келет?», «Тышкы иштер саясаты кандай болот?» деп сурагыла?! Эми Жээнбеков, Матраимов жана башкалары Конституцияны өзгөртүүгө, Кокон хандыгынын бийлигин орнотууга жол даярдоого белен деп эсептесек болот.

Гезиттерде «Атамбаевдин баласынын сумкасынан өтө көп суммадагы акча табылды» деп жазып жатасыңар. Ооба, 170 миң сом бар болчу, биздин атабыз Курман айтка карата жыл сайын Арашан айылына 10 букадан таратып берчү. Бул букаларга аванс катары бериле турган акча болчу. Бийлик ушу калган 170 миң сомду менден эмес, элимен тартып алды!

Муну атабыз 1992-жылдан бери салтка айланткан. Айткым келген эмес эле, атабыз жыл сайын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине, кары-картаңдарга жана майыптарга да жардам берчү.

Бул жылы биздин үй-бүлөбүзгө оор болду, ошон үчүн өзүмдүн ниетим менен атамдан уруксат алып, өз каражатыма атамдын атынан элге жардам берем деп ойлогом. Карапайым калкыма, алыстан келген мекендештериме, жөнөкөй элдерге, биздин «Элдик Штабды» колдогон кишилерге ыраазычылык билдирем деп ойлогом. Эл өзү чогулуп, бизди колдоп беришти.

Коңшу айылдын бир тургуну бир күнү атама келип: «Байке, менде бир аз мал бар, «Элдик Штаб» ачылганда, курмандык менден болсун», – деди. Андай бир туугандык мамиле кылган айылдаштар жана коңшулар, Кудайга шүгүр, абдан көп болду. Кудай көрүп турат, бийлик да билип тургандыр, Атамбаевди жөнөкөй, карапайым эл коргогон! Аны унутпашыбыз керек.

Менин оюмча, 7-август күнү бул канкор бийлик, жаш спецназдарга колуна ар түрдүү куралдан ашыкча берип, октон көбүрөөк берип атайын курмандыкка жиберген. Эмне үчүн?! Анткени, бийликтегилердин эсеби боюнча, спецназдагы жаш балдар үйгө барып, ызы-чуу салып, ошол жерден курал жоготмок, балким, атайын! Анан элдер курал алып, буларга каршы чыкмак. Ошондо элдер спецназдар менен атышып, «Барбаросс» планын аткармак. Бул эмне деген план?! Атамбаевди өлтүрүү, Атамбаевди жоготуу! Атамбаевди жок кылганда, булар тынчымак!

Кудай сактап, пландары болбой калды, элдер сабырдуулукка салып, болгон куралдарды 3-кабатка жыйып салышкан, арасында канча деген провокаторлор жүрдү. Эгер куралдар жыйылбай калса, элестеткиле, эмне болуп кетмек?! Жөнөкөй, карапайым калк ошол провокаторлордон жаш спецназдарды сактап калган, «Тез жардамда» иштеген кызматкерлерге рахмат, улам чуркап, жаракат алгандарга өз убагында жардам берип турушту. Азыр болсо, атабыздын өмүрү Жээнбековдордун, Опумбаевдердин, Жамшитовдордун колунда, аны биз билишибиз керек. Эгер анын башынан бир тал чачы түшсө, бул адамдар жоопко тартылышы керек.

Сөзүмдүн аягында, улуу, айкөл, акылман элиме атабыздын эмгегин баалап, жүрөгүнүн тазалыгын көрүп, колдоп, өз жанын аябай, окко төшүн тосуп, бийликтен коркпой коргогонуна терең ыраазычылык билдирем! Мен элдин колдоосун абдан сезип турам! Кудай бизди колдосун! Мен эл коргогон президенттин уулу болгонума сыймыктанам жана элдин ишенимин актаганга аракет кылам!»

Бөлүшүү