Кыргызстанда 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлөт

Автор -
316

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу педагогикалык кеңешмесине катышты.

Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү ѳкмөт алдына артыкчылыктуу милдет кылып койгон.

«Өкмөт бул милдетти аткарат. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт.Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт», – деди ал.

Жыйынтыгында ѳкмөт башчы мугалимдерге чыгармачыл ийгиликтерди, алардын түйшүктүү ишинде жаңы дем жана шыктанууну каалап өттү.

Бөлүшүү