Курсан Асанов инфаркт болуу коркунучу бар

Автор -

ИИМ министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун жүрөгү кармап, улам-улам тез жардам чакыртылып жатат. Бул тууралуу Govori.TV дарыгерлерге шилтеме берип кабарлашты.

Дарыгерлердин айтымында, Курсан Асанов инфаркт болуу коркунучу бар. Андыктан ага тез жардам чакыртылып, ден-соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Асанов «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негизде 9-августта иштен алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү