Текебаев менен Чотоновдун иши сотто 29-августта каралат

Автор -

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи.

Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирди. Анын айтымында, жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.

«Биз арызда Текебаевди өлкөдөн тышка чыкпоо жөнүндө тилкат менен абактан бошотууну сурандык. Ал киши чыгып калса энеси менен учурашууга мүмкүнчүлүк алышы керек»
деди ал.

Адвокаттын айтымында, ишти Биринчи май райондук сотунун төрайымы Айнура Сатарова карайт. Текебаев менен Чотоновду сот отурумуна жеткирилет.

Саясатчылардын иши 29-августтан тартып кайра карала баштай турганын Биринчи май райондук соту да ырастады.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Бөлүшүү