28-августта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

28-августта күндүз жана 29-30-августтарда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн: 15….20… күндүз: 30… 35°C;

Талас облусунда түнкүсүн: 10….15….күндүз: 28…..33°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында түнкүсүн: 16…21….күндүз: 30……35°C;

Ысык-Көл өрөнүндө түнкүсүн: 10…..15….күндүз: 21……26°C;

Нарында түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 23….28°C;

Бишкек шаарында жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Абанын температурасы күндүз 33……35°C, түнкүсүн 18 … 20°C.

Бөлүшүү