Кыргыз таксисттеринин сабалышы боюнча РФ КР Элчилиги билдирүү таратты (Видео)

Автор -

«Шереметьево» аэропортунда кыргыз жарандарынын сабалышы боюнча РФ КР Элчилиги билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 25-26-августта Элчиликтин кызматкери Россия ИИМинин «Шереметьево» аэропортундагы башкармалыгына барып, полиция жетекчилиги жана таксисттер менен сүйлөшкөн. Сүйлөшүүнүн жүрушүндө «Вымпел Центр» жеке менчик күзөт ишканасынын кызматкерлери менен кыргыз жарандарынын ортосунда болгон мушташ тууралуу кеңири маалымат алынган.

«Аталган башкармалыктын жетекчилигине Элчиликтин териштирүүнү акыйкат жүргүзүп берүүнү суранган расмий кайрылуусу тапшырылды. 

Кыргыз жарандарына көрсөтмө берүүдө котормочулук жардам көрсөтүлдү. Учурда окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат. Иш Элчиликтин көзөмөлүндө. Кошумча маалымат берилет», -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ айрым ЖМКлар «Шереметьево» аэропортунда кыргыз жарандары менен мас абалындагы күзөт кызматкерлеринин ортосунда мушташ болгонун жазып чыгышкан. Маалыматта 3 кыргыз жараны жабыркаганы тууралуу айтылган.

Бөлүшүү