Алмазбек Атамбаевге аялы менен жолугууга уруксат берилди

Автор -

Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева аны менен 23-августта жолугуп чыккан. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, учурда Атамбаевдин ден соолугу жакшы.

Буга чейин, Атамбаевге карата куралды, ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүп, массалык башалмандык уюштуруп, тергөө аракеттерине тоскоолдук кылуу максатында алты кызматкерди барымтага алып, бир кызматкерди өлтүрүп жана өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Адам өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кабарлама берилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү