Кара-Суу районунда 3 үй өрттөнүп кетти

Автор -

Кара-Суу районунда кечээ, 26-август күнү саат 12:44тө Ж. Якубов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрт жанаша жайгашкан жана Худайбердиев көчөсүндөгү 2 үйдүн чатырларына өтүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен каза болгондор жана жабыркагандар жок.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт саат 13:27де чектөөгө алынып, саат 15:14тө толук өчүрүлгөн.

Белгилей кетсек, бир күн ичинде өлкө аймагында 28 өрт кырсыгы катталган.

Бөлүшүү