Жамшитбек Калилов жаӊы кызматка дайындалды

Автор -

Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Бул маалыматты аталган ишканадан тастыкташты.

Тиешелүү буйрукка башкы директор Канатбек Абдыкеримов 21-августта кол коюп, Калилов кызматына киришти. Ал эми Улан Кулов Калиловдун орун басары болду.

Жамшитбек Калилов 2016-жылдан баштап 2018-жылга чейин транспорт жана жолдор министри кызматында иштеген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү