29-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 31…33° жылуу болот.