29-30-августтарда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° болот.