Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү

Автор -

Ушул жылдын 7-8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буйрукка 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы

№ 3218-VI «2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.

Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.

Тиркеме

2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы

 

Разаков Жеңиш Парпиевич —   Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович —   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).

 

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:

Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович —    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Бакчиев Жаныбек Абдукапарович —    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович —    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мамытов Талант Турдумаматович —    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Субанбеков Бакирдин Жамалович —    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Шайназаров Тынчтык Урайимович —    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Араев Азамат Муратович —    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич —    Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы
(макулдашуу боюнча);
Джаманкулов Марат Тургунбаевич —    Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович —    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Саккараев Марс Намарбекович —    Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;
Асанкулов Бекболсун Сатаркулович —    Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Медетбеков Артур Капарович —    “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исаков Исмаил Исакович —    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Кожоналиев Кубатбек Азатович —    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Турсунбек Акун —    коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Мамасалиев Алишер Тургунбаевич —    эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).
Бөлүшүү