ӨКМдин маалыматына ылайык, Туран кичи районунун Бөкөнбаев көчөсүндөгү 8 метр тереңдиктеги кудукка 1983-жылы туулган Ш.А. аттуу эркек адам түшүп кеткен.
Натыйжада бутун сындырып алган.
Куткаруучулар жерине барып, жабыркаган адамды кудуктан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.