Жөнөкөй кызгылт пакет Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун кызматтан кетүүсүнө жана ага кылмыш иш козголушуна себеп болду.
«Элдик генерал» кыргыз милициясын ишеничин актабады, жеке кызыкчылыгын көздөп, кызматтык ордун таштап кетти деп айыпталууда. Асановго гана эмес, анын жактоочусу, айдоочусу жана уулуна да кылмыш иштер козголду.