Бишкекте жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өтөт 

Автор -

Ушул жылдын 3нөн 6-сентябрына чейин «Дордой» футбол комплексинде коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган Жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

«Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган Жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш эки жылда бир өткөрүлүп турат. Мелдешти Кыргыз Республикасынын Жаа атуу федерациясы менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги «Супара» этнокомплекси менен «Шоро» компаниясынын демөөрчүлүгү жана «Дордой» бирикмесинин колдоосу менен уюштурууда»
деп айтылат маалыматта.

Мелдешке Азербайджан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстандан жаачылар катышат.

Ал эми Кыргызстандын атынан 10 жаачы катышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү