Садыр Жапаровдун уулу менен кырсыкка кабылган кыз Улуттук госпиталга которулду

Автор -

Садыр Жапаровдун уулу кырсыкка кабылга кезде жанында болгон 20 жаштагы кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу Vesti.kg сайты  Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип билдирди.

«Кыздын абалы туруктуу. Ал бетинен жаракат алган жана борбор калаада дарылануусун улантат»
дешти КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинде.

Белгилей кетсек, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу жол транспорт кырсыгынын кесепетинен каза тапкан. Дастан Садыр уулу  23-августа аварияга тушугуп, 4-шаардык ооруканда үч күн бою комада жаткан. Ал 26-августта комадан чыкпай, каза болгон.

Бөлүшүү