Садыр Жапаровдун уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат (фото)

Автор -
765

Бүгүн, 28-августта Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Ага Садыр Жапаров да катышып жатат. Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы
саясатчыга уулуна топурак салууга уруксат берген.

Белгилей кетсек, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу жол транспорт кырсыгынын кесепетинен каза тапкан. Дастан Садыр уулу  23-августа аварияга тушугуп, 4-шаардык ооруканда үч күн бою комада жаткан. Ал 26-августта комадан чыкпай, каза болгон.

Сүрөт «super.kg» агенттигинен алынды.

Бөлүшүү