Сокулукта турак үй өрттөнүп, үй ээси каза болду

Автор -

Сокулук районунда жайгашкан Биринчи Май айылында жалпы аянты 60 ч.м. болгон 3 бөлмөлүү турак үй толугу менен күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Алынган маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үй ээси 1974-жылы туулган К.А.А. каза болгон.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү