УКМК атайын депозиттик эсепке кезектеги акча төлөмдөрдү которду

Автор -

Ушул жылдын 2-сентябрында КРнын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомуна ылайык КР Каржы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү, 11 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду.

КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 283 млн. 535 миң 391  сомду түздү.