Өзбекстанда өткөн эл аралык салттуу музыка сынагында Кыргызстан биринчи орунду ээледи

Автор -
280

Белгилүү жаш таланттар Каныбеков Эламан жана Каныбеков Айбек Кыргызстандын атынан барып, биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин
басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак Өзбекстанда эки жылда бир өтүп келет. Бул жолу сынакка 80ден ашуун  мамлекеттен 300дөн ашуун улуттук салтуу музыканын алып жүрүүчүлөрү катышкан.

Кыргызстандык жеңүүчүлөр К. Орозовдун “Жаш кербез”,  Н. Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгы”, А. Огомбаевдин “Ак- Тамак – Көк тамак”  жана Н. Борошевдин  “Кара –Өзгөй” күүлөрүн жогорку чеберчилик менен аткарып,  калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү  таң калдырган.

Эл аралык сынактын калыстар тобуна мүчөлүүкө  Кыргызстандын атынан Кыргыз Эл артисти Роза Аманова да кирген.

Эламан жана Айбек Каныбековдор  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы К. Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясынан билим алып, ага жана  М. Абдарев атындыгы музыкалык окуу жайдан биилм алышкан.

Эске салсак, аталган эл аралык сынакка Өзбекстандан президенти Шавкат Мирзиеевдун катышуусу менен өткөн. Жеңүүчүлөр беш миң доллар акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.

Бөлүшүү