Кочкор районундагы жол кырсыгында 3 адам жабыркады

Автор -

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында Ауди С4  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун чекесиндеги бордюрду сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен, 3 адам ар кандай жаракат алган. Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөүп беришкен.

Бөлүшүү