Үй-бүлөсүн баккан Айчүрөктүн жашоосунда 4 жылда кандай өзгөрүү болду? (Видео)

Автор -
1551

Үй-бүлөсүн баккан өспүрүмдөр үчүн күндүзү окуп, түнү иштеген сезон башталды. Ошондой жаштардын катарында майып энесин жана бир тууган инисин багуу үчүн борбор калаадагы кафелердин биринде иштеген Айчүрөк Сулайманова да бар. Айчүрөк тууралуу маалыматтар мындан 4 жыл мурун чыккан эле. Ал учурда көптөгөн адамдар көмөктөшүп, жардам беришкен. Бирок, бул нерсе бат эле токтоп, учурда үй-бүлө дагы деле жардамга муктаж.

Айчүрөктү түйшөлткөн көйгөй батирдин ижарасын берип, инисин мектепке даярдоо үчүн каражаттын жетишсиздиги болууда.

Бөлүшүү