Контейнер мектеп: Мектептин ачылыш аземине 5 аткаминер келди

Автор -
551

Интернет тармагында контейнер мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкуу жаратты. Анда интернет колдонуучулар «ачкандары контейнер мектеп, бирок ачылышка бир нече аткаминерлер келген» деп сындашууда.

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроо абалында турат деп тизмеге киргизген. Мындан улам окуучулардын ал мектепте окуусуна тыюу салынган. Учурда аталган айылдагы окуучулар жаңы окуу жылын контейнерде окуу менен баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев SUPER.KG порталына билдирди.

ӨКМ мектепти авариялык мектеп деп каттаган. Мектеп коопту абалга келгендиктен, айылга мобилдик мектеп деп алты контейнер алып келип беришкен. Ал жерде окуучулар кадимки эле эки нөөмөт менен окушат. Имарат азыркы учурда курулуп баштала электигине байланыштуу, мобилдик мектептерде окуучулар кышында дагы билим алышат. Контейнерлер атайын окуучуларга ылайыкташкан, жылуулук менен камсыз болгон контейнерлер экен”, — деди Майрамбек Өмүрбаев.

Ал эми аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсеитов төмөнкүлөргө токтолду:

«Биздин мектеп көп жыл мурун жыгачтан курулган мектеп болчу. Мектеп кулайын деп, үстү ачылып салаңдап турат. ӨКМ мектептин авариялык абалда экенин 2015-жылы эле чыгарган. Ушул күнгө чейин түзөтүп, жөлөтүп, тросс менен тарттырып окуп келдик. Жазында ӨКМ кайра келип, мектепте окуганга такыр болбойт деп, кайра эскертүү берген. Андан кийин чатыр алып келип, убактылуу окутабыз деген убадалар дагы болгон. Кийинчерээк чатырдан дагы дайын жок болуп кетти. Күзгө чейин кайрылып отуруп контейнерлерди эми жиберишти. Мектеп жараксыз абалда тургандыктан кышында дагы балдарыбыз ушул мектепте окууга аргасыз. 2015-жылдан бери кайрылып эле келебиз, бирок жыйынтык болбой жатат. Мектептин сметасы эсептелинип, долбоору түзүлүп бүттү. Бюджет жагын карап, титулдук баракка киргизип берсе жакшы болмок. Жок дегенде казса, кийинки жылы курулушун бүтүрүп алмакпыз”, — дейт айыл башчы.

Бул 6 контейнерде бүгүнкү күндө 172 бала билим алып жатканын кошумчалады ал.