Кой-Таш окуясында жабыркаган Самат Курманкулов өзүнө келди

Автор -

Бүгүн, 4-сентябрда Чүй облусунун ИИББ жетекчиси Самат Курманкуловду жалпы палатага которушат. Бул туурасында «Апрель» күч түзүмдөрүнө шилтеме берип билдирди.

Маалыматка караганда, Курманкуловдун абалы жакшырды, азырынча сүйлөбөгөн менен, чакырууларга реакция кылууда.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылында өткөн атайын операция учурунда оор жаракат алган. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Кийин дарылоону улантуу үчүн аны Москвага Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна жеткиришкен.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү