Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча сурак берип жатат. Бул маалыматты «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова ырастады.
Анын айтымында, үч иш тең Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде козголгон. Анын экөө боюнча Асанов күбө катары суралууда. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.
[ads-quote-center cite=’деди адвокат.’]«Мыйзам боюнча ушул берененин негизинде иш козголгону менен кайсы факты экени көрсөтүлүшү керек. Бирок конкреттүү факты көрсөтүлгөн эмес. Ар кандай суроолорду берип жатышат, ошондуктан кайсы факты экенин билбейбиз»[/ads-quote-center]13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечимдин негизинде Курсан Асановду кызматтан алган.
Асановго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган.
27-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, ал 13-октябрга чейин үй камагына алынган.
27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган. Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат.
Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.