Аманбай Кайыпов: «Контейнерди мен койгон эмесмин!»

Автор -

Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов комментарий берип жатып айтты. Ал ошондой эле жаңы кызмат ордунда аткара турчу иштери боюнча суроого жооп берди.

«Эми контейнерди мен койгон эмесмин. Билим берүү министрлиги койгон. Буга чейин ал мектеп боюнча өкмөткө, тийиштүү мекемелерге бир нече жолу сунуштарды берип келгенбиз. Ал сунуштар айрым жерден өтпөй калып жатты. Мен ал контейнерди койгондон кийин угуп калдым, каршы болчумун. Ал эми жаңы кызматта өнөр жай тармагы боюнча иштейм. Пландарым бар. Колумдан келишинче бул тармакка салым кошууга аракет кылам»
дейт Аманбай Кайыпов

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү